Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Экс-министр Равшан Сабиров эркиндикке чыкты


Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров камактан чыкты. Ал 20-март күнү кечинде бошотулганын адвокаты Нина Зотова “Азаттыкка” билдирди.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, Сабировдун иши “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүндө” мыйзамдын негизинде бошотулду.

Сабиров чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шектелип 2012-жылдын 5-июлунда камалган. Сот аны беш жылга кесип, жаза мөөнөтүн №47 абакта өтөп жаткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG