Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Чүйдө “хизбутчу” деп шектелген аялдар тобу кармалды


Чүй облусунун аймагында “Хизб-ут Тахрир” уюмунун ишмердүүлүгүн тымызын жайылтып жүрөт деген шек менен беш аял кармалды. Алар өздөрү жашап жаткан үйлөрдө тыюу салынган уюмга таандык баракча, аудио-видео каражаттар менен колго түштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айбек Арзыматов билдирди.

Токмок шаарынан жана Чүй районунан кармалган айымдардын үйлөрү алардын үстүнөн буга чейин топтолгон маалыматтын негизинде 18-март күнү тинтүүгө алынган. Милициядан кабарлашкандай, колго түшкөндөр “Хизб-ут Тахрирге” мүчө экендигин моюнга алышты. Тергөөнү УКМК кызматкерлери жүргүзүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG