Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

Ошто облус аралык көк бөрү оюну өтүп жатат

Бүгүн Ош шаарынын борбордук ат майданында Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген спортчулар арасында көк бөрү оюну өтүп жатат. Ага төрт команда катышууда.

Мелдеш 20-мартта башталган. Бейшембидеги оюндарда Ош менен Жалал-Абад командалары беттешкен. Бүгүн Ош облусу менен Баткен облусунан келген чабандестер кармашат.

Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында да бүгүн түрдүү ат оюндары өтүп жатат. (YI)
​
XS
SM
MD
LG