Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Аба ырайы: чукул эскертүү


Күндүн жылышы жана жаан-чачынга байланыштуу 25-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдорго муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ойдуң жерлерин суу капташы мүмкүн.

22-мартка карата аба ырайы:

Ишембиде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Талас жергесинде -3...+2, күндүз 5...10,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...-7 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG