Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Бишкек: Жыл сайын бир миң киши кургак учукка чалдыгууда


Бишкекте кургак учук илдетин жаңы жуктуруп ооруп калгандардын саны бир жылда бир миңдин тегерегинде болууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек шаарындагы кургак учукка каршы оорукананын башкы дарыгери Кубанычбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, былтыр бир миңге жакын киши алгачкы жолу каттоого алынды. Ал эми мурдатан бери каттодо турган бейтаптардын саны эки миңден ашат.

Доктурлар соңку жылдары кургак учукка чалдыккандар дарылануусун аягына чыгарбай койгондуктан дарыга туруктуулук, башкача айтканда, дары жардам бербей калган учурлар көбөйүп жатканын айтууда.

24-мартта бүткүл дүйнө кургак учукка каршы күндү белгилейт. (RK)

XS
SM
MD
LG