Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Пластик өрттөөнүн зыяны тууралуу маалымат берилет


Эртең Бишкекте "Тазалык" деген темада семинар өткөнү жатат. Анын максаты - пластиктен жасалган идиш, түрдүү буюмдарды өрттөөнүн жаратылышка жана адамдын ден соолугуна зыяны тууралуу кеңири маалымат берүү. Иш-чараны экологиянын тазалыгы үчүн күрөшүп келаткан жаштар тобу уюштурууда. Алар семинарга химия, экология жана медицина тармагынын өкүлдөрүн чакырып, элге кеңири маалымат берүүнү көздөп жатканын айтууда.

Жазында ар бир короо тазаланып, жараксыз буюмдар, анын ичинде целлофан баштыктар менен пластик бөтөлкөлөр өрттөлөт. Бирок, адистердин айтымында, өрттөлүп жаткан пластиктен чыккан түтүн адамдын ден соолугуна өтө зыян жана уу заттар организмге бат сиңип кетиши менен кооптуу.

"Тазалык" семинары Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинин конференц-залында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG