Орус жарандыгын тез арада алуу мүмкүнчүлүгү бериле турган жарандарды атайын комиссия аныктайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда орус элчиси Андрей Крутько билдирди.
Өткөн айда орус бийлиги Орусиянын жарандыгын алуу шартын жөнөкөйлөткөн болчу. Эми эне тили орус болгон жана бул тилди жакшы билгендерге жарандык кыска мөөнөттө бериле баштамакчы.
Орусияда, бейрасмий эсептөөлөр боюнча, бир миллионго жакын кыргызстандык мигрант жашайт. Алардын көбүндө документ жок. Өткөн жылы орус бийлиги мигранттарга талабын катуулатып, тил билбегендердин жумушка орношуусу кыйындаарын билдирген болчу. (BkA/RK)