Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Шанхайда кыргыздардын курултайы өтөт


Кытайда жашаган кыргызстандыктар ушул жылдын май айында Шанхай шаарында курултайга чогулганы жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Kyrgyz Union" уюмунан кабарлашты. Иш-чараны ушул уюм уюштурууда. Максаты - Кытайда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардын башын бириктирип, байланышта болуп туруусуна шарт түзүү жана кыргыз маданиятын жайылтуу. Курултайдын алкагында жолугушуу, жыйындар жана көргөзмө, кайрымдуулук акциялары өткөрүлөт. Расмий маалымат боюнча, Кытайда 400гө жакын кыргызстандык иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG