Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Орусиянын эл аралык рейтинги төмөндөдү


Standard and Poor's рейтинг агенттиги Орусиянын рейтинг божомолун геосаясый кырдаалга жана Батыштын санкцияларына байланыштуу төмөндөттү. Аталган рейтинг агенттиги бейшемби күнү тараткан билдирүүсүнө ылайык, Москва Крымды аннексиялап алганына байланыштуу "өлкөгө тартылган инвестиция агымы азайып, өлкөдөн капиталдын чыгарылышы ыктымалдыгына жана Орусиянын экономикалык дараметине терс таасиринен улам" рейтинг деңгээли төмөндөтүлдү.

Орусия менен расмий Киевдин араздашуусунун материалдык кесепети Крымдан тыш аймактарга тароо мүмкүнчүлүгү бар. Орус валютасынын долларга жана еврого карата куну жыл башынан бери 10 пайыз арзандады.

XS
SM
MD
LG