Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Twitter социалдык түйүнүн "түп тамырынан" жок кылуу керек дегенинен көп өтпөй өлкөдө аталган түйүнгө кирүү чектелди. Көптөгөн колдонуучулар "Твиттерге" киргенде Түркиянын телекоммуникация башкармалыгынын "соттун чечимине байланыштуу бул сайтка кирүү жабылган" деген билдирүүсүн көрүшкөн. Аталган социалдык түйүндүн басма сөз катчысы Ну Уэкслер бул маселе "азыр каралып жатат" деди.
Түрк оппозициялык медиасы чектөө Эрдогандын өкмөтү тарабынан ишке ашырылганын билдирүүдө. Түрк премьериники деп айтылган коррупциялык жаңжалга байланыштуу аудиотасма интернетке жарыялангандан кийин Эрдоган көптөгөн сынга кабылган.