Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Орус миллиардери санкцияга чейин үлүшүн сатты


Геннадий Тимченко АКШ ага карата санкция киргизгенге чейин Gunvor мунай компаниясындагы акцияларын сатканга үлгүрдү. Орус президенти Владимир Путинге жакын деп айтылып келаткан Тимченко Кипрде катталган компаниядагы бардык акцияларын швециялык өнөктөшү Торбйорн Торнквистке шаршембиде "санкция киргизилиши мүмүкүн" деген кооптонуудан улам сатканы маалым болду.

Мурдагы Советтер Союзунда туулган Финляндиянын атуулу Тимченко – АКШ жарыялаган 20 орус жаранына карата санкция киргизилген тизмедегилердин бири. Американын Каржы министрлиги "Путиндин Gunvor компаниясында инвестициялары бар жана аталган ишкананын каражатын пайдаланышы мүмкүн" деген билдирүүсүн тараткан. Баш кеңсеси Женевада жайгашкан Gunvor азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG