Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

ЕБ 12 орус жана украин жарандарына карата санкция киргизди


Европа Биримдиги кошумча 12 орус жана украин жарадарына карата санкцияларды киргизди. Брюссель алардын ысымдарын жарыялап, алардын активдерин камакка алуу менен бириге Еврошаркетке кирүүгө тыюу салды. Бул кошумча тизмеге премьер-министрдин орун басары Дмитрий Рогозин, президент Владимир Путиндин кеңешчилери Сергей Глазьев жана Владислав Сурков, орус парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко жана тележурналист Дмитрий Киселёв кирди.

Санкцияларга ошондой эле Мамлекеттик Думанын спикери Сергей Нарышкин, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Елена Мизулина жана Крым референдумун өткөргөн комиссиянын төрагасы Мыхайло (Михаил) Малышев кабылды. Буга чейин Еврошаркет 21 адамга карата санкция кабыл алган.

XS
SM
MD
LG