Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Орусияда бир жылдагы орточо паранын көлөмү 4000 доллар


Орусиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев министрликтин чогулушунда акыркы жыл ичинде өлкөдө орточо паранын көлөмү эки эсеге өсүп 145 миң рублге (4000 доллар) жеткенин билдирди. Парага байланыштуу кылмыш иштеринин саны былтыр 18 пайызга өстү. Министр Колокольцевдин айтымында, ачылган кылмыш иштердин жарымын чоң суммадагы параларга байланыштуу иштер түзөт. Паралардын басымдуу көпчүлгү турак-жай маселелерин чечүүдө берилип, ага байланыштуу 3000 кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG