Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

Медведев: Киевдин 16 миллиард доллар карызы бар


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Украина Орусияга жалпысынан 16 миллиард доллар карыз экенин билдирди. Бүгүн орус президенти Владимир Путин менен жолугуу маалында Севастополдогу деңиз аскер базасынын ижара акы ордуна Украинага арзан газ берүү тууралуу келишим "жокко чыгарылуу" алдында турат деди. Ошондуктан Киев Москвага 11 миллиард доллар карызын кайтарып бериши керек.

Бүгүн президент Путин Крымды Орусиянын аймагы катары тааныган мыйзамга кол койду. Премьер Медведев ошондой эле Орусия Украинанын насыя кагаздарын сатып алууга 3 миллиард доллар жумшаганын жана Украина "Газпромго" 2 миллиард доллар карызы бар экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG