Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

ЕККУ Украинага 500гө чейин байкоочу жиберүүгө даяр


Крым татар Межлиси жердештерин украин паспортун сактоого чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Крым татарларынын этностук башкаруу органы - Межлис бардык крымдыктарды украин паспортторун сактап калууга чакырды. Орус бийлиги болсо крымдыктарды 1 ай ичинде Орусия паспортун алгыла деп шаштырууда. Бул тууралуу Межлис мүчөсү Ремзи Илиязов "Азаттыкка" билдирди. Симферопол (Акмечит). 20.3.14.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) алдыдагы алты айда 500гө чукул байкоочуларды Украинага жиберүү чечимин кабыл алды. ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын өкүлдөрү бул тууралуу жума күнү кечинде Венада өткөн жыйында макулдашты.

Буга чейин Орусия Украинага байкоочулардын миссиясын жиберүү тууралуу ЕККУнун сунушуна бөгөт койгон. Байкоочулардын мандаты Орусия аннексиялаган Крым аймагына дагы кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эл аралык байкоочулар Херсон, Одесса, Львов, Ивано-Франковск, Харьков, Донецк, Днепропетровск, Черновцы жана Луганск аймактарына жиберилет. ЕККУнун миссиясынын баш кеңсеси Киевде болот.

Алгач миссиянын курамына 100 киши кирсе, алардын саны Украинадагы кырдаалга жараша 500гө чейин жетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG