Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Орусия ЕБ санкцияларын “реалдуулуктан алыс” деп баалады


Жума күнү Евробиримдик Крымдагы кризис боюнча Орусия менен Украинанын 12 жаранына каршы киргизген санкцияларды Москва “реалдуулуктан алыс” чечим катары баалады. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Александр Лукашевич ишемби күнү Москва Брюсселдин мындай чечимине татыктуу жооп берерин билдирди.

Орусия ТИМинин дагы бир билдирүүсүндө ЕККУнун Украинага жиберилчү байкоочулары “кризисти жөндөөгө” жана “улутчулдардын бандитизмин” токтотууга жардам берет деген ишеним айтылат. Буга кошумча эл аралык “байкоочулардын мандаты жаңы саясий жана укуктук реалдуулукту эске алып, Орусиянын курамына кирген Крым аймагына жараксыз” экени белгиленет.

ЕККУ болсо алты айлык миссиянын мүчөлөрү Украинанын бардык территориясында, анын ичинде Крымга дагы жайгаштырылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG