Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 22-25-мартта күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын жогору температурасына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунун айрым бөлүктөрүндө кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

23-мартта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4...+1, күндүзү +14…+19
Таласта түнкүсүн -4...+1, күндүзү +13…+18
Баткенде түнкүсүн 0...+5, күндүзү +13…+18
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...+5, күндүзү +14…+19
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүзү +9…+14
Нарында түнкүсүн 0...-5, күндүзү +8…+13
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8...-13, күндүзү -2...+3 градус болушу күтүлөт.
Бишкекте түнкүсүн -1...+1, күндүзү +17...+19

XS
SM
MD
LG