Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Крымда демонстранттар Украинанын аба базасына чабуул койду


Батыш Крымдагы Новофедоривка шаарчасында 200гө чамалуу куралсыз демонстранттар “Орусия!”, “Орусия!” деп ураан чакырып, базанын имараттарынын терезелерин талкалап жатышканын окуяга күбө болгон журналисттер кабарлашты.
Украинанын аскер кызматкерлери базанын ичинде корголоп, имараттардын чатырларынан түтүн чыгарган гранаталарды ыргытууга аргасыз болууда.

Ал ортодо орусиялык аскер күчтөрү Симферополь шаарына жакын Белбектеги украиналык базаны курчоого алып, базанын ичиндегилерге ультиматум койгону белгилүү болду. Базанын командиринин орун басары Олег Подовалов “орусиялык күчтөр 1 саат убакыт бергенин, андан соң чабуул коёрун айтышканын” билдирди.

XS
SM
MD
LG