Украинанын Башкы прокуратурасы энергетика жана көмүр өнөр жайы боюнча мурдагы министр Эдуард Ставицкий менен агрардык саясат жана сатуулар боюнча экс-министр Николай Присяжнюкка тиешелүү кеңселерди тинткенде миллиондогон долларлар жана баалуу буюмдар табылганын "Интерфакс" агенттиги жазып чыкты.
Мурда Ставицкий ээлик кылган батирлердин биринде ага тиешелүү фирманын бухгалтери документтерди жок кылууга үлгүргөнүн башкы прокурордун милдетин аткаруучу Олег Махницкий маалымат жыйында билдирди.
Тинтүү маалында эки сейф менен бир катар документтер табылган. Сейфтердин бири беш миллион долларга чукул акча менен толтурулса, экинчисинде 50 кг. уютулган алтын жана бриллиант, платина сыяктуу кымбат баалуу заттардан жасалган буюмдар болгон. Учурда алардын наркы такталууда.