Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Кыргыз-тажик чегиндеги Таш-Тумшук айылын көчүрүү сунушталууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы айыл. Баткен, 14-март, 2014.
Кыргыз-тажик чек арасындагы айыл. Баткен, 14-март, 2014.
Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Таш-Тумшук айылынын тургундарын башка жерге көчүрүү сунушталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 40ка чукул түтүн жашаган айыл Тажикстандын Мачаи жана Кожо-Аъло айылдары менен чектешет. Чек ара такталбаганынын улам утур-утур коңшу өлкө жарандары менен чатактар чыгып келет. Ошондуктан жергиликтүү элдин макулдугу менен айылды башка жакка көчүрүү сунушталууда. Учурда бул боюнча эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топ иштеп жатат.

Эгер айыл көчүрүлө турган болсо айыл турган жер Тажикстанга карап, анын ордуна кошуналар башка жер бөлүп берүүгө милдеттүү болот. Эки тарап алмашчу жерди ыңгайлуу деп аныктаган соң, бул маселе өкмөттүк деңгээлде каралат.(JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG