Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Орусия Кыргызстанга аскер техникасынан жардам берет


Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько ушул апта соңундагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстанга аскерий-техникалык жардамды узак мөөнөттүү пландын негизинде ишке ашырат. Учурда анын мөөнөттөрү жана өлкөгө алып келинчү техника жана курал-жарактын тизмеси аныкталууда.

2012-жылы сентябрда орус президенти Владимир Путин Бишкекте расмий сапарда болгондо Кыргызстандын аймагында Орусиянын бирдиктүү аскерий базасын түзүү, Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу макулдашылган болчу. Ага ылайык, 1 миллиард доллардан ашык каражатка аскерий жардам көрсөтүлөрү айтылган. Кыргыз өкмөтү Орусиядан артиллерия, танк, жана башка оор аскер техникасын сураганын орус маалымат агенттиктери жазып чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG