Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Крымда орус армиясы эки аскерий жайды ээлеп алды


Украина -- Белбектеги аскер-аба базасынын учкучтары, 21-март, 2014.
Украина -- Белбектеги аскер-аба базасынын учкучтары, 21-март, 2014.
Орусиялык күчтөр Крымдагы аскерий жайлардын дээрлик бардыгын өзүнө каратып алганын чет элдик маалымат агенттиктери кабарлоодо. Ишембиде Севастополго жакын Белбектеги Украинанын аскер-аба базасына орус армиясынын согуштук техникасы басып кирди. Анда бир украин аскер жараат алды. Ага чейин Новофедоровка шаарчасында жайгашкан аскер бөлүгүнө жүздөгөн орусиячыл демонстранттар кирип алышкан.

Украинанын коргоо министрлигинин Крымдагы медициналык борборунун башчысы Владислав Селезнев Севастополдогу өз булактарына таянып, Украинанын аскер-деңиз флотунун "Славутич" кораблин дагы орустар ээлеп алганын Фейсбук баракчасына жазды.

Президент Владимир Путин жума күнү Крым менен Севастополду Орусия Федерациясына кошуу жөнүндө бир катар документтерге кол койгон.

Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг Лондон Орусия менен аскерий кызматташуунун планын кайра карап чыгарын билдирди.

XS
SM
MD
LG