Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Германия Орусиянын Европаны бөлүп-жаруу аракетин айыптады


Греманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Крымдагы референдумдун аркасы менен Орусиянын Европаны бөлүп-жаруу аракетин айыптады. Киевде жүргөн Германиянын тышкы иштер мекемесинин башчысы ишембиде Уркаинанын убактылуу президенти Олександр Турчинов менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Германиянын башкы дипломатынын пикиринде, орус бийликтеринин Крымдын көз карандысыздыгын колдогон референдумдун жыйынтыгын таанып, Орусия Федерациясынын курамына кошуп алуу чечими – эл аралык укуктук нормаларга каршы келет жана Европаны бөлүнүүгө жеткирүүсү мүмкүн.

Штайнмайер ошондой эле узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинага ЕККУнун байкоочуларын киргизүү боюнча чечим кабыл алынганына канааттанып турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG