Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

“Республика” партиясынын курултайы өттү


Партия лидери Өмүрбек Бабанов
Партия лидери Өмүрбек Бабанов
Бүгүн Бишкекте “Республика” партиясы курултай өткөргөнүн "Азаттыкка" аталган партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев кабарлады. Анын айтымында, курултайда Өмүрбек Бабанов партия лидерлигине кайрадан шайланып, саясий кеңеш жаңы мүчөлөр менен толукталды. Ошондой эле өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиянын уставына толуктоолор киргизилди.

“Республика” партиясы 2010-жылы Апрель ыңкылабына соң түзүлгөн. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо төртүнчү орунга ээ болуп, Жогорку Кеңештеги фракциясында 23 депутаты бар болчу. Бирок фракциядагы бир катар депутаттар өз алдынча депутаттык топторго биригип кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG