Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Талгат Мусинди эскерүүгө арналган мелдеш өттү


Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Талгат Мусинди эскерүүгө арналып, ядро (чоюн) түртүү жана найза ыргытуу боюнча экинчи ирет өткөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов билдирди.

18 жаштан жогорку курактагы жигиттерден 7 кг.260 грамм чоюнду түртүп ыргытууда баш байгени казакстандык Иван Иванов жеңип алды. Ал чоюнду 17 метр 61 см. аралыкка түртүп ыргытты. Кыргызстандык Дмитрий Назаров менен Роман Николаев экинчи жана үчүнчү орунду ээледи. Уландардын күч сынашуусунда дагы казакстандык Дениси Тимофеевге теңдеш чыкпады.

Кыздардын найза ыргытуу таймашында баш байгени казакстандык Асия Рабаева утуп алды. Ал найзаны 44 метр, 6 сантиметрге алыс ыргытты. Экинчи орунду да казакстандык Гүлзахида Хабиева ээлесе, кыргызстандык Лариса Дедова үчүнчү орунду алды.

Турнирге Кыргызстан, Орусия жана Казакстандан тандалган 60 спортчу катышты. (КМа)

XS
SM
MD
LG