Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:37

Беларус: Крымдын аннексиясы “жаман прецедент”


Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.
Президент Александр Лукашенко Орусиянын Крымды аннексиялашын “жаман прецедент” деп баалап, ошол эле маалда Крым “де-факто” Орусиянын курамына киргенин тааныды.

Орусиянын Крымды кошуп алуусун тааныбай койсо болобу деген суроого: “Таанылса дагы, таанылбаса дагы бүгүн Крым Орусиянын бөлүгү болуп калды. Сиз аны тааныбай койсоңуз же таанысаңыз дагы эч нерсе өзгөрбөйт” – деп жооп берди президент Лукашенко жекшембиде Минскте туруп.  

Президент Путин орус армиясы Крымдагы орус тилдүүлөрдү коргоо максатында жиберилгенин айтууда. Беларустун калкынын 8% этникалык орустар түзөт. Бирок өлкө боюнча орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны басымдуулук кылат, андыктан Минсктин Крымдан кийин Москвадан чочулоосу күчөдү.

 

XS
SM
MD
LG