Түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде Түркиянын аба мейкиндигине кирип келген сириялык учакты армия атып түшүргөнүн билдирди. Эрдоган Сириянын президенти Башар ал-Асадга аба мейкиндигин бузганы үчүн “каттуу чара” көрүлөрүн эскетти.
Дамаск Сириянын согуштук учагы чек аралаш аймакта козголоңчуларды акмалап баратканда атып түшүрүлгөнүн тастыктады. Сирия бийликтери Түркияны “ачык агрессия” үчүн айтыптады. Сириялык оппозиция учак козголоңчулар жума күнү ээлеп алган чек аралаш аймакта учканын билдирүүдө.
Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарынын абалына көз салган уюм жекшембиде Сириянын түндүк-батышындагы армян жамааты жашаган Латакия провинциясындагы Касаб шаарына чукул жерде “катуу кармаш” болгонун маалымдады.
Сириянын мамлекеттик телеканалы болсо “Түркиядан Сирияга кирген” козголоңчулардын колунан өкмөттүк күчтөр “оор жоготууга” учуранын кабарлады.