Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

НАТО: Орусиянын аракеттери кооптондурат


НАТО күчтөрүнүн жетекчиси Орусиянын Украина менен чек арасына аскерий күчтөрдү топтоп жатканы Молдованы Приднестровье аймагын басып алат деп кооптондуруп жатканын эскертти.

НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн башчысы, америкалык генерал Филип Бридлав мындай билдирүүнү жекшембиде немистердин Маршал фонду Брюсселде өткөргөн форумда жасады.

Бридлав Орусия НАТОнун өнөктөшү эмес касындай аракеттенип жатканын сындады. Генералдын айтымында, эгер Кремль чечим кабыл алса, азыр Украинанын чыгыш чек арасында топтолгон көп сандагы орустардын согуштук күчтөрү “Приднестровье аймагына кирүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар”.

Ошондой эле НАТОнун өкүлү башка өлкөлөргө Орусиянын аскер күчтөрүн жайгаштыруу боюнча президент Путиндин жаңы саясаты өтө чоң кооптонууну жаратарын дагы айтты.

XS
SM
MD
LG