Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

Украина: Орусия менен чатак ырбап баратат


Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дешица Орусия менен өз өлкөсүнүн ортосундагы чатак барган сайын курчуп баратканын билдирди.

Ал мындай пикирин жекшембиде АКШнын АВС-ТВ телеканалынын This Week берүүсүндө сүйлөп жатып айтты.

Чет элдик агенттиктердин маалыматы боюнча, Крымдагы көпчүлүк аскерий жайлар орусиялык күчтөрдүн көзөмөлүнө өттү.

Убактылуу президент Александр Турчинов ишембиде Крымдагы Белбек аба базасын орус армиясы ээлеп алгандан кийин жоголгон полковник Юлий Мамчурду тезинен бошотууну талап кылган.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Крымдагы 189 аскерий базада орус желеги илинип турат.

XS
SM
MD
LG