Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар Ноорузду белгилешти


Түштүк Кореяда иштеп жаткан кыргызстандыктар Паран шаарына чогулуп, 23-март күнү Нооруз майрамын белгилешти. Спорттук, маданий иш-чаралар жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү болуп, ага 1000 чамалуу кыргыз жараны катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” ал жакта иштеп жаткан Медетбек Макенов билдирди.

Майрамдык салтанатты Абдумажит Мамытов аттуу жигит уюштуруп, ага кыргыз, өзбек, тажик жана орус улутундагы кыргызстандыктар келди. Парандагы Ноорузду өткөрүү үчүн каражатты мигранттар өздөрү чогултушту. Ошондой эле Кореяда ишкерлик менен алектенген кыргыз атуулдары көмөк көрсөтүштү. Майрамга жалпысынан 11 миң доллар каражат жумшалды. Салтанатка элчиликтин атынан консул Азиз Кыштобаев келип катышты.

Түштүк Кореяда 4000 чамалуу кыргызстандыктар эмгектенип жатканы айтылат. (SE)

XS
SM
MD
LG