Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:44

КСДП коалиция түзүү үчүн фракцияларга расмий кат жолдойт


Парламентте жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн КСДП фракциясынын лидери бүгүн фракцияларга расмий кат жолдойт. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен ушул аптада жаңы коалиция куралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кабарлады.

Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” жана КСДП партияларынын өкүлдөрү коалицияга кирүүгө даяр экендиктерин маалымдашкан. Ошол эле мезгилде “атамекенчилер” оппозицияда калышы да мүмкүндүгүн айткан. Ал эми “Ата-Журт” фракциясы позициясын билдире элек.

Жаңы коалиция куроо мандатын президент 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет.

Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын башкаруучу коалициядан чыккандыгы себеп болгон.(SE)

XS
SM
MD
LG