Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

“Ата-Журт” фракциясы коалиция боюнча маселени бүгүн карайт


Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары жаңы түзүлө турган башкаруучу коалицияга кирүү же оппозицияда калуу маселесин бүгүн талкуулайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция депутаты Надира Нарматова билдирди.

Өткөн жумада “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” жана КСДП партияларынын өкүлдөрү коалицияга кирүүгө даяр экендиктерин маалымдашкан. “Атамекенчилер” оппозицияда калышы да мүмкүндүгүн айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция куроо мандатын 20-март күнү КСДП фракциясына тапшырган. Анын лидери Чыныбай Турсунбеков коалиция түзүү боюнча бүгүн фракцияларга расмий кат жолдойт.

Парламенттеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын башкаруучу коалициядан чыккандыгы себеп болгон (SE)

XS
SM
MD
LG