Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

Жогорку Сот алдында Кумбел кенине байланыштуу акция өтүүдө


Жогорку Соттун алдында Нарындын Жерге-Тал айылынын 15ке жакын тургуну нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Алар айылдагы Кум-Бел алтын кенин орусиялык “Рокизол” компаниясы иштетишине каршы чыгууда. Акциянын уюштуруучуларынын бири Ниязбек Куланбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганы үчүн “Рокизолдун” лизенциясын кайтарып алган. Буга нааразы болгон орусиялык компания сотко кайрылып, Бишкектин Район аралык соту алардын пайдасына чечкен. Андан соң Бишкек шаардык соту ал чечимди жокко чыгарган. Эми болсо “Рокизол” Жогорку Сотко арыз менен кайрылып, бүгүн сот ал арызды карап жатат. Жергеталдыктар Жогорку Сотту “Рокизолдун” арызын канааттандырбоону талап кылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG