Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Токмок шаардык прокуратурасы Чүй райондук каттоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мекеменин бир кызматкери 2011-жылы сентябрда кызмат абалынан пайдаланып, чет өлкөлүк жаранга жасалма паспорт жасап берген. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)