Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Коалицияга кирүү бардык фракцияларга сунушталат


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалицияга кирүү сунушу бардык фракцияларга берилет. Бул тууралуу КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков билдиргенин парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Анын айтымында, жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ушул жуманын соңуна чейин жыйынтыкталып калат.

"Ата-Мекен" фракциясы чыгып кеткендиктен буга чейинки коалиция ыдыраган. Жаңысын түзүү укугун президент өткөн апта соңунда КСДПга берген. Мамлекет башчы 11-апрелге чейин коалиция түзүлүп, өкмөт бекитилиши керектигин талап кылган.

Кечээ айрым маалымат булактары жаңы өкмөт май айында куралаарын жазып чыккан болчу. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG