Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

Каныбек Нарбаевге карата кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин мурдагы башчысы Каныбек Нарбаев жана Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардык милициянын 5-башкармалыгы борбордогу көчөлөрдү оңдоо-түзөөдөгү коррупциялык иштер боюнча маалымат топтоп, Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы прокуратура бул иштерди иликтеп, 20-мартта Нарбаев жана Бишкек мэриясынын айрым жооптуу кызматкерлерине Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча иш козгоду.

Анда айтылгандай, Нарбаев баштаган кызмат адамдары жалган документ топтоп, борбордун көчөлөрүн оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымдын баасын өтө жогору кылып көрсөткөн. Ашкан каражатты өз кызыкчылыгына колдонгон.

Каныбек Нарбаев агенттиктин башчылыгынан былтыр жыл аягында бошотулган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG