Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Жалал-Абад: 2005-жылкы окуянын катышуучулары нааразы болууда


Жалал-Абад шаарында бүгүн жети аял 2005-жылдын Март окуясын эскерди. Кабарчыбыздын айтымында, алар облустук бийликтин маңдайындагы "Эркиндик" аянтында жарым саат туруп, жаанга байланыштуу тарап кетти. 2005-жылы 4-марттан 21-мартка чейин облбийликти ээлегендердин арасында болгон бул аялдар "24-март ыңкылабын жергиликтүү бийлик эске албаганына жана 2005-жылкы окуяда уруп-токмоктолгон адамдарды эч ким эстебегенине" нааразы болушту. Тогуз жыл мурда облуста башталган март ыңкылабынын катышуучулары Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо талабын коюшкан. Бирок Жалал-Абад облбийлигин ээлегендер жана анын аянтында күнү-түнү турган жүздөгөн адамдар 2005-жылдын 20-мартында таңга жуук милиция тарабынан кууп, таркатылган болчу. Ошондон кийин Жалал-Абаддан Бишкекти көздөй жүрүш башталып, 24-мартта бийликке Курманбек Бакиев келген. (YA)

XS
SM
MD
LG