Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Бишкекте аскер кызматкерлери тоноого шектелүүдө


Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 19-марттын түнү шаардагы “Люкс” караоке-клубуна башына чүмбөт кийген куралчан топ кирип, ал жакта эс алып отурган Түштүк Кореянын жарандарын тоноп кеткен. Бул окуя боюнча Биринчи Май райондук милициясы кылмыш иш козгоп, иликтөө баштады. Тоноого шектүү деп 5 адамдан турган топ кармалды. Алардын үчөө Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде иштеп жүргөн. Учурда кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө уланып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG