Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:19

Ат-Башыда кен иштетүү боюнча аукцион өттү


Бүгүн Нарындын Ат-Башы районунда жайгашкан Кара-Кичи, Бешбелчир жана Балыкты алтын кендеринде чагылгындоо иштерин жүргүзүү боюнча аукцион болуп өттү. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктен кабарлашты. Маалыматка ылайык, аукциондун жыйынтыгында Кара-Кичи алтын кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча лизенцияны түркиялык “Эндустриэл электрик электроник санайи вэ тиджарет” ишканасы 670 миң долларга сатып алды. Бул кен үчүн аукциондун баштапка баасы 2 миң доллар деп аныкталган болчу. Балыкты кенин иштетүү укугун болсо жергиликтүү “Шах Тал» ишканасы 18 миң долларга сатып алды. Анын баштапкы баасы 500 доллар деп бааланган болчу. Ал эми Бешбелчир кенинде чалгындоо жүргүзүү боюнча аукцион жетиштүү санда катышуучу жок болгону үчүн өтпөй калды.(BkA)

XS
SM
MD
LG