Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Саакашвили: Грузияга кайтпайм


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 2005-жылы болгон мурдагы премьер-министрдин өлүмү жана башка кылмыш иштерине байланыштуу суракка катышпаарын билдирди. Кечээ Голландиянын Rustavi 2 грузин телеканалында сүйлөп жатып ал "бейшембиге белгиленген суракка баруу буйругуна баш ийбейм" деп айтты.

Мурдагы грузин президенти анын экинчи мөөнөтү былтыр ноябрда аяктаган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Грузиянын жаңы өкмөтү эгер Саакашвили суракка келбесе ага издөө жарыяланаарын эскертти. Прокурорлор Саакашвилиге жана анын жакындарына бир нече айып таккан. АКШнын Мамлекеттик департаменти буга байланыштуу өз камтамасын билдирген.

XS
SM
MD
LG