Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Экология мекемеси: Кара-Балтадагы мунай заводдун зыяны жок


Кара-Балтадагы “Жунда” мунай кайра иштетүүчү заводу экологияга зыян келтирген жок. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты. Аталган агенттик шаардагы абаны жана топуракты текшерип, зыян келтире турган деңгээлде эмес экенин аныктады.

Буга чейин Кара-Балта шаарынын тургундары завод экологияны бузуп жатканын айтып, аны иштетүүгө каршы чыккан. Мындан улам өткөн айда өкмөт заводдун ишин убактылуу токтотуу боюнча чечим чыгарган. Учурда ишкананын айланасындагы талаш маселелерди атайын өкмөттүк комиссия иликтеп жатат.

Кытайдын "Чайна Петроль Компани” тарабынан курулган аталган мунай заводу өткөн жылдын сентябрында ачылган. Ишканадан мамлекетке 5 миллиард сомго чейин салык түшүп, жүздөгөн адам иш менен камсыз болоору белгиленген. (BkA)

XS
SM
MD
LG