Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Жоголгон учакты издөөчүлөр океандан шектүү нерсе байкады


Дүйшөмбүдө Кытайдын издөө учагы Индия мухитинин түштүгүндө дайынсыз жоголгон "Малайзия аба жолдорунун" авиалайнериники болушу мүмкүн делген нерселерди тапты. "Синьхуа" маалымат агенттиги кабарлагандай, кытайлык ИЛ–76 самолёту океанда калкып жүргөн эки чоң жана бир нече майда объекттерди байкаган.

Ушул сыяктуу эле кабар бүгүн Австралиядан келди. Малайзиянын убактылуу транспорт министри Хишамуддин Хуссейн:

- Бир нече мүнөт мурда биздин премьер-министрге Австралиянын премьери телефон аркылуу австралиялык учактар бир тегерек жана бир тик бурчтуу нерселерди байкаганын кабарлады, – деди.

Дем алыш күндөрү да австралиялык учактар тапкан нерселер тууралуу кабарланган. Бирок алар жыгач такталар жана жүк байлоочу кемерлер болуп чыкты. Боинг–777 үч жумадан бери Куала-Лумпурдан Бээжинге 239 адам менен учуп чыккан бойдон дайынсыз болууда.

XS
SM
MD
LG