Баткендин кыргыз-тажик чек арасында жайгашып калган Масеиттин жери, Арык-Асты, Таш-Тумшук айылдарын Кыргызстандын чек арасына жакын жерге алмаштыруу демилгеси каралууда. Бул маселе боюнча атайын өкмөттүк деңгээлде түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Эки тараптан сунуш айтылып, жергиликтүү калк менен макулдашуу жүрүүдө.
- Учурда башка аймактарга жылдырыла турган кыргыздарга тиешелүү 100дөй үй-бүлө бар. Арык-Асты деген айылдан 3 үй-бүлө азыр алмашуу шарттарына макул болуп, чыгып жатат, - деп билдирди Көк-Таш айыл башчысы Разия Өсөрова.
Эгерде бул айылдар Тажикстандын карамагына өтсө, коңшу өлкө алардын ордуна жер бөлүү милдетин алат.
Райондук бийлик болсо азыр бул маселе каралып жатканын, эгер ишке ашса, чек арадагы чырлар кыйла кыскараарын билдирүүдө.
Ал эми коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Токон Мамытов жергиликтүү тургундардан жогорудагыдай сунуш түшкөнүн тастыктап, бирок так чечим кабыл алына электигин бүгүн "Азаттыкка" билдирди. (JsA)