Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Франция: Жергиликтүү шайлоодо ашынган оңчулдар алдыда


Жекшембидеги шайлоо маалында жүргүзүлгөн экзит-полл сурамжылоосуна ылайык, Франциядагы жергиликтүү шайлоонун биринчи айлампасында "Улуттук фронт" ашынган оңчул партиясы өлкөнүн бир нече аймактарында алдыңкы сапка озуп чыкты. Мамлекеттик телеканал Франциянын түндүгүндөгү Энен-Бомон шаарында "Улуттук фронт" дээрлик көпчүлүк орунга ээ болгонун жана дагы үч шаарда алдыңкы сапка чыкканын кабарлады. Партиянын төрагасы Марин Ле Пен жергиликтүү шайлоонун биринчи айлампасында анын партиясы жетишкен көрсөткүчтөргө "артыкча жыйынтык" деген баасын берди. Учурдагы башкаруучу Социалисттер партиясы көп мандаттардан кол жууйт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG