Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Коргоо министрлиги кармалган аскерлер окуясын иликтөөдө


Кыргызстандын Коргоо министрлиги кылмышка шектүү деп кармалган үч аскерге байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзө баштады. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Бишкек милициясынын маалыматына караганда, 19-марттын түнү шаардагы “Люкс” караоке-клубуна башына чүмбөт кийген куралчан топ кирип, ал жакта эс алып отурган Түштүк Кореянын жарандарын тоноп кеткен. Тоноого шектүү деп 5 адам кармалды. Алардын үчөө Бишкектеги аскер бөлүктөрүнүн биринде келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөнү аныкталды. Учурда кармалгандар шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө уланып жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG