Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Крым окуясы Беларустагы шайлоого таасир тийгизди


Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидия Ярмошина коңшу Украинадагы окуялар жергиликтүү шайлоого элдин катышуусуна таасир тийгизүүдө деп ишендирди. Дүйшөмбүдө журналисттер менен сүйлөшүп жатып, боршайкомдун жетекчиси "Беларустун жада калса пассивдүү шайлоочулары шайлоо бекеттерине келип, өлкөгө кубаттуу күч түзүмдөрү жана күчтүү мамлекеттик структуралар керектигин түшүнүү менен добуш берүүдө" деди.

Жекшембиде өткөн шайлоого шайлоочулардын 77 пайызы катышып, жергиликтүү кеңештердин 19 миң депутаттарын тандоого добуш беришти. Борбор калаа Минскте шайлоочулардын 61 пайызы келди. Айрым аймактарда калктын 80 пайызы шайлоого катышты.

XS
SM
MD
LG