Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

AI Египеттеги сот өкүмүнө тынчсыздануу билдирди


Эл аралык мунапыс уюму мурдагы президент Мухаммед Мурсинин колдоочуларын жана "Мусулман агайындар" партиясынын 529 мүчөсүн өлүм жазасына тарткан сот өкүмүнө камтамасын билдирди. Amnesty International "соттун чечими адилетсиз жана оппозицияны коркутту" деп баалады.

Эл аралык мунапыстын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча директор орун басары Хассиба Хаж Саруй:

-Египеттин бийлиги бүгүн бир өкүм менен эң көп сандагы адамды, 528 кишини өлүм жазасына тартуу боюнча рекорд койду. Алардын көбү сотко катышкан эмес жана сыртынан кесилген.

Өлүм жазасына тартылган адамдар өткөн жылдын август айында полициячыга кол салуу, өлтүрүү жана башка кылмыштар үчүн күнөлүү деп табылды. "Мусулман агайындар" партиясынын 16 мүчөсү акталды. Аталган партиянын 545 мүчөсүнүн үстүнөн сот жыйындары бир нече жолу жылдырылган. Ал эми демонстранттарга кол салган бир дагы полициячы жоопкерчиликке тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG