Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Малайзиялык Боингде аман калгандар жок


Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган жаңы маалыматтарга таянып, Боинг-777 учагындагы 239 адамдын баары мерт болгонун билдирди. Куала-Лумпурдан Бээжинге 8-мартта сапар алган авиалайнер Индия мухитинин түштүгүндө кыйраганы маалым болду.

- Учак кыйраган жер деп божомолдонгон аймак өтө ээн жана конууга мүмкүн болгон аянттардан алыс. Ошондуктан терең кайгыруу менен жаңы маалыматка таянып, 370-каттамдын сапары Индия океанынын түштүгүндө аяктаганын маалымдоом абзел.

Бир нече өлкөнүн издөө жана куткаруу кызматтарынын кемелери менен учактары 8-мартта дайынсыз жоголгон лайнерди издөөгө катышкан. Премьер Разак авиалайнердин тагдыры тууралуу жаңы маалымат Авиакырсыктарды иликтөө уюмунун британ бөлүмүнөн келгенин кошумчалады. Дүйшөмбү күнү Австралиянын жана Кытайдын учактары Индия мухитинде калкып жүргөн нерселерди байкаган.

XS
SM
MD
LG