Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Жети-Өгүздө Кумтөргө байланыштуу митинг өтөт


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук сотунун жанында бүгүн Кумтөрдун экологиялык зыянын текшерүүнү талап кылгандар миттингге чыгат. Уюштуруучу, коомдук активист Замир Меңдибаев “Азаттыкка” билдиргендей, митингге аймактагы Саруу, Дархан, Жаргылчак жана Жеңиш айылынан өкүлдөр катышмакчы.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн келтирилүүчү зыян боюнча тургундар 14-февралда райондук сотко кайрылган. Митинг катышуучулары териштирүү иштерин эртелетүүнү суранмакчы. Меңдибаевдин айтымында, митингдин тынч өтүшүн камсыздоо үчүн жарандар милицияга кат жолдошту. Акция саат 11де башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG