Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Парламенттин укук комитетин депутат Никитенко жетектейт


“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Наталья Никитенко парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрайымы болуп шайланды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитети кабыл алды.

Буга чейин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Эркин Алымбеков болчу. Ал Кумтөр маселеси боюнча Жогорку Кеңештин чечимине нааразы болуп, мандатынан баш тарткан. "Ата Мекен” фракциясы Никитенкону комитет жетекчилигине көрсөткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG